Бишкек-Ош унаа жолунда кечкисин эл ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-ноябрдан тартып Жалал-Абад ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмү тарабынан Бишкек-Ош жолунда кечкисин тез күйүп кетүүчү зат жана эл ташыган айдоочуларга "кооптуу жүк" жана "техникалык абал" аталышындагы түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Түшүндүрүү иштеринин негизги максаты транспорт кырсыктарын алдын алуу.
Эгерде тез күйүп кетүүчү зат ташыган унаалардын техникалык абалы оң эмес болсо жана жүргүнчү ташыган айдоочулар ашыкча адам алып алган болсо Патрулдук милиция кызматкери тарабынан административдик протокол толтурулат.