ЖЫЛНААМА, 19-НОЯБРЬ: 64 жыл мурун оор атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев туулган

Мындан 64 жыл мурун, 1953-жылдын 19-ноябрында спортчу Каныбек Осмоналиев жарык дүйнөгө келген. Ал Чүй облусуна караштуу Бейшеке айылында туулган. Студент кезинен оор атлетикага кызыгып, штанга көтөрүп машыга баштаган. 3-курста спорттун чеберине талапкер болуп, ар кандай мелдештерге катыша баштаган. Ошентип 1975-жылы СССРдин, 1978-жылы Европанын жана дүйнөнүн чемпиону болгон.

Ал эми 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII Жайкы Олимпиада оюндарында алтын медаль үчүн болгон күрөш курч мүнөздө өткөн. Төрт спортчу тең 245 килограммды көтөрүшкөн. Бирок алардын ичинен салмагы жеңили Каныбек Осмоналиев болгондуктан ал алтын медаль тагынган. Совет учурунда ага “СССР спортунун эмгек сиңирген устаты” наамы берилген.

Каныбек Осмоналиев Биринчи даражадагы "Манас" жана "Даңк" ордендеринин ээси. Жубайы Медеркан менен төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2017-11-19 12:13:39
Кыргыз улутунан жалгыз олимпиада чемпиону. Бар бол!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан