Индиялык саясатчы Индира Ганди 1917-жылы 19-ноябрда туулган. Ал Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун жалгыз кызы болгон. Алардын үй-бүлөсү Индиядагы жогорку каста болгон брахмандарга кирчү. Атасы Индия элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, элинин арасында Махатма Гандинин ишин улантуучу катары таанылган. Индия менен Пакистандын ортосундагы согуш күчөп турганда, Ганди ал кездеги чоң держава болгон СССР менен мамилени чыңдап, мыкты жүргүзүлгөн саясат менен согушту басып, өзү бийлик кылган жылдары элинин турмушун оңдой алган. Бирок 1975-жылы Индиянын Жогорку Соту Индира Гандини “мыйзам жолун бузуп, шайлоо учурунда көз боёмочулукка барган” деп күнөөлөп, каршылаштары премьер-министрликке талапкерлигин алуусун талап кылышкан. Ганди 1977-жылы партиясы менен парламентке талапкерлигин коюп, жеңилип калат. Ал эми 1980-жылы парламентке шайланып, андан кийин премьер-министр болот. 1984-жылы 31-октябрда Питер Устиновго маек бергени бара жатканда жан сакчылары тарабынан атылган. Индира Гандиге сегиз ок тийип, ооруканадан эсине келбей каза болгон.
19-ноябрга карата жылнаама.