ЖЫЛНААМА, 19-НОЯБРЬ: 24 жыл мурун Леонид Гайдай каза болгон. Ал комедиялык тасмаларды жараткан режиссёр катары эл эсинде калды

Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылдын 19-ноябрь күнү унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр Леонид Гайдай 70 жашында оорудан улам каза болгон.

Популярдуу кинокомедиялардын жаратуучусу, советтик режиссёр, СССРдин Эл артисти, тагдырын тарых кылып жашаган Леонид Гайдай 1923-жылы 30-январда Амур облусунун Свободный шаарында төрөлгөн. Гайдай бала кезинен киного жакын болуп, ушул балалык кызыгуусу аны мектеп партасынан кино дүйнөсүнө алып келген. Иркутскидеги облустук театрда иштей баштаганда согушка байланыштуу эвакуацияланып келген Москва сатира театрынын Хенкин, Поль, Лепко, Доронин, Тусузов, Слонова сыяктуу сахна чеберлеринин оюндарына күбө болуп, чоң таасир алган.
1949-жылы Москвага келип, ВГИКтин режиссёрлук факультетине тапшырган. 1955-жылдан тартып "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болгон. 1956-жылы В.И.Невзоров менен бирге "Узак жол" ("Долгий путь") деген биринчи фильмин жараткан. Бир аз кинодон алыстай түшкөн Леонид Гайдай 1961-жылы Барбос ити менен байланышкан "Таптакыр тамашасы жок" ("Совершенно серьезно") кыска метраждуу фильмдери менен кайра кайтып келген. Алгачкы каармандары Балбес-Трус-Бывалый (Никулин-Вицин-Моргунов) менен иштөөнү улантып "булар баарына белгилүү, эми башка жаңы каарман түзүш керек" деп Шурик - Александр Демьяненко кошулган квартеттин катышуусунда "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" ("Операция "Ы" и другие приключения Шурика"), "Кавказ туткуну" ("Кавказская пленница") фильмдерин жараткан. Ушул эки фильм жана "Бриллиант кол" ("Бриллиантовая рука") тасмасы үчүн (1968) 1970-жылы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.
1971-жылы "12 отургуч" ("12 стульев") кызыктуу кинотасмасын, 1973-жылы "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" ("Иван Васильевич меняет профессию"), 1975-жылы "Болушу мүмкүн эмес" ("Не может быть"), 1980-жылдары "Спортлото - 82" сыяктуу комедиялардын алтын фондуна кирген өлбөс кинотасмаларын жараткан. Алардын артынан эле чыккан "Жашоо үчүн кооптуу" ("Опасно для жизни") (1985), "Частный детектив, или Операция "Кооперация" (1989), "На Дерибасовской хорошая погода или на Брайтон-Бич опять идут дожди" (1992) фильмдери мурунку кинотасмаларындай ийгилик алып келген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан