SUPER.KG сайтынын "Суперстан" бөлүмүндө "Канткенде Кыргыз мамлекетин өнүктүрө алабыз?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Сөздөн ишке өтүш керек".
"Биринчиден үй-бүлөдөн, тарбиядан башташ керек. Адамга жашынан туура тарбия жана эркиндик бериш керек. Үйдө ата-энелер балдарынын көзүнчө көйгөйлөрүн, бюджет маселелерин сүйлөшпөш керек, балдардын психологиясына сиңген нерсе алдыдагы максаттарын ишке ашыруусун чектеп коюшу мүмкүн".
"Кыргыздар бири-бирин буттан тартып турат, анан кайдан өнүгөт. Бир президент же 120 депутат өлкөнү өнүктүрүп, элдин аң-сезимин өстүрүп жибере албайт. Коррупцияны жоёбуз деп чекеден кармап, камап, коркутуу жолу менен ал жоголбойт, кайра көбөйөт. Ар бир адамдын тарбиясы, өзгөлөргө мамилеси, дүйнө таанымы кичинекей кезинен үйдөн, бакчадан, мектептен башталат. Андыктан азыркы жаш муунду жакшы тарбиялоо керек".
"Кыргыз өлкөсү таза болсо туристтер дагы келет, өлкөбүз өнүгөт. Айланайындар, таштандыларды ар кайсы жерге ыргытпагылачы, өздөрү ыргытып коюп анан чоңдорду күнөөлөшөт".
"Кыргыз мамлекети өнүкпөйт, себеби банкротпуз. Ички дүң продукциясынын көлөмүнөн карызыбыз ашып түшөт. Мен өлкөнүн экономикасынын келечегин жакынкы 30 жыл ичинде тупикке такаларын көрүп турам жана 1991-2000-жылдардагыдай кризис болот".
"Президент биринчи өз айланасына чынчыл
жана ишенимдүү, команда менен иш жүргүзө билген адамдарды топтош керек. Президент десе эле бийликтин баары анын колунда эмес. Билим берүү системасын жакшыртуу керек. Акыл менен иш алып баруунун аягы жакшылыкка алып барат.
Өлкө өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз атуулу иштеш керек, жүрөгү мекен деп согуш керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.