Жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү күнү, 24-ноябрда Бишкекте жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Автоунаа кыймылына чектөөлөр Чыӊгыз Айтматов, Манас жана Чүй проспектисинде болот. Мындан башка көчөлөрдө да болушу мүмкүн. Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жарандарды жаралган ыӊгайсыздыкка туура түшүнүүгө жана баруучу жерге ыӊгайлуу башка көчөлөрдү алдын ала пландап алууга чакырды.
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтөт.