Бүгүн, 20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтүүдө. Анда SUPER.KG порталы тарабынан: "Сиз Акаевди дагы, Бакиевди дагы ажыдаарга теңедиңиз эле... Жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековго ажыдаарга айланбоонун кандай рецептин сунуштай алат элеңиз? Дегеле бийликке келген адам үчүн ажыдаарга айланбоонун универсалдуу рецептин айта аласызбы?" - деген суроо берилди.
Атамбаевдин жооп беришинче, кыргыз эли жана 2016-жылы референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституция бийликке келген адамга ажыдаарга айланууга жол бербейт. "Президенттик шайлоо алдында ким жаңы өлкө башчы болорун билген эмесмин. Жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековду көп жыл тааныйм. Кыйын мезгилде жанымда жүргөн. Ал ажыдаарга айланбайт деп ишенем", - деди Атамбаев.