Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун бир тууганынын элчилик кызматка дайындалышына оюн айтты

Жакында жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов Кыргыздын Украинадагы элчиси кызматына дайындалган.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-ноябрда анын кызматка дайындалышы боюнча суроого жооп берди.

"Буга чейин да ар кандай жалган сөздөр айтылып келген. Анткени Жээнбековдун агасы Кувейтте элчи болчу. Аны салафит деп чыгышты... Эми украиналык болот, сало жейт деп айтып жатышат. Иштөө гана керек. 2 жылдан бери биздин Казакстанда элчибиз жок, кээде ушундай да кылуу керек болот", - дейт Атамбаев.

Бишкекте бүгүн президенттин маалымат жыйыны өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан