Ырчы Айжамал Кабылованын жолдошуна арнаган “Бир өзүң бол” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Нуркан Койчумановага, обону Алишер Мамадалиевге таандык. “5 жылдан бери жолдошума арнап ыр ырдай элек экенмин. Кээде жолдошум "мага ыр ырдап берчи" деп суранып калат. Ошол себептен көптөн бери ойлонуп жүрүп, анан ага ыр арнап жатам”,- дейт ырчы айым. Кошумчалай кетсек, учурда ырга клип тарттыруу пландалып, ал тургай режиссёр менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Клипте өмүрлүк жубайымдын роль жаратуусун каалап жатам. Буюрса, 1 ай аралыгында клип да тартылып калат”,- деп кошумчалады А.Кабылова.