Президент Алмазбек Атамбаев жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун достукка бекем экенин айтты.
"Жээнбековду 22 жылдан бери билем, дайым көз карашыбыз бирдей. Мени көптөр сатып кетишти, Жээнбеков дайым ишенимдүү. Аны жакшы билген адам катары "мени сатып кетпейт" деп айта алам. Ошондой эле туура жолдон адашпайт деп ишенем", - деди Атамбаев.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Жээнбековго: "Досум, мени уят кылбай иште", - деп кеӊеш берген.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков 4 күндөн кийин президенттик кызматка киришет. Анын инаугурациясы 24-ноябрга дайындалган.