Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда өзүнүн "эски саясатчыларды ала кетем" деген сөзүнө түшүндүрмө берди.
"Мен эски саясатчыларды ала кетем дегенде саясатчыларды камайм, жок кылам дегенди айткан эмесмин. Канчалык бакылдабасын, мындан ары эски саясатчылар саясатта "погода" жарата алышпайт. Башкача айтканда, алар саясаттагы кырдаалга таасир эте алышпайт. Келечек жаштардыкы. Эски саясатчылардан Сооронбай Жээнбеков жалгыз өзү калды", - деди президент.
Бишкекте президенттин маалымат жыйыны өтүүдө.