Туманга байланыштуу "Манас" аэропортундагы каттамдар кармалууда

Туманга байланыштуу "Манас" аэропортундагы каттамдар кармалууда. Бул тууралуу маалыматты аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, аба ырайына байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортунда ички жана эл аралык каттамдарды кабыл алуу жана жөнөтүү кечигүү менен жүрүүдө. "Манас" аэропортунун кызматкерлери каттамдар белгисиз убакытка кармалып же белгиленген убактылары алмашып калуусу мүмкүн экендигин эскертет.

Эгерде жүргүнчүлөрдө каттамдар тууралуу суроолор жаралса "Манас" аэропортунун сурап-билүү бөлүмүнө +996 (312) 693 109 номери аркылуу кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан