Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтүүдө.
Жыйында журналисттер өлкө жетекчисинин кызматтан кетип жатышына жубайы кандай карай турганына кызыгышты.
"Биринчи айым менин кызматтан кетип жатканыма кубанычта. Ал Дача-СУ айылына Боинг учагы кулагандан кийин учакта Раиса Атамбаеванын алтындары болгон деген ушактардан улам тамчылатма дары алып чыккан. Кызматтан кетип жатканыма өзүм да кубанычтамын", - деди Атамбаев.
Эскерте кетсек, президенттин бул жолку маалымат жыйыны мурдагылардан кыска болору айтылган. Өлкө жетекчиси 2 сааттан бери суроолорго жооп берүүдө.