Бүгүн, 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев 6 жыл ичинде журналисттердин дарегине айткан катуу сөздөрү үчүн кечирим сурады.
"Кийинки президент мага карата дипломатиялык жактан жакшыраак жооп берип турат деп ишенем. Эгер 6 жыл ичинде таарынтсам кечирим сурайм. Биринчи күндөн баштап мен бардык деңгээлде ушинтип сүйлөштүм. Эл мененби, башка президенттер мененби. Биздин негизги жетишкендиктерибиздин бири - бул бүгүн чиновниктердин коом алдында жооп бергени. Коомдук пикир айрым чиновниктерди отставкага кетирди", - деди Атамбаев.
Андан соң ал журналисттерден жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго убакыт берүүнү суранды. "Көрө албас болбогулачы, менин суранычым. Анын ыйгарым укуктары меникинен аз болот. Ага убакыт бергилечи", - деп суранды Атамбаев.
Айта кетсек, бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйынына жалпысынан 140 журналист катышты.