"УКМК "Самара" боюнча иштеп жатат" дейт Атамбаев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "клооп.кг" сайтынын шайлоонун жыйынтыгына күмөн жараткан журналисттик иликтөөсүнүн үстүнөн иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

"УКМК иштеп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгын күтөлү. Оюмча, "клооп.кг" тарабынан атайын провокация уюшулган. Биз таза шайлоо үчүн болсок, бул сайттын максаты тескери болушу мүмкүн", - деди президент.

Айта кетсек, аталган иликтөөгө ылайык, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү серверде 2017-жылдын 13-сентябрынан 14-октябрына чейин "самара.кг" мамлекеттик эмес сайты жайгашып, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турган. Бул серверде бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтары (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) сакталат. Мындай мүмкүнчүлүк талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан