"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Баатыр энелерге көмүр өз убагында берилип жатат"

Бишкек шаарында жашаган көмүргө муктаж болгон Баатыр энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көмүр өз убагында берилип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Курманбеков билдирди.

"Бүгүнкү күндө көмүргө муктаж болгон жарандарга, көмүр өз убагында берилип жатат. Көмүрдүн запасы азыркы күндө жетиштүү. Ал эми Кызыл-Аскердеги Кайназарова көчөсүндө жайгашкан көмүр таратуучу кошумча тилкеде трактордун бузулуп калгандыгына байланыштуу убактылуу көмүр таратуу токтогон", - деп билдирди Курманбеков.

Ошондой эле башкармалыктын жетекчиси техника оңолгон соң көмүр таратуу кайра башталарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына көмүр таратуу маселеси боюнча кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco23
2017-11-20 18:10:26
Аа чындап элеби не?
0
Rasul94
2017-11-20 21:50:13
канча каптан берет.апам баатыр эне эле
+1
Rasul94
2017-11-20 21:51:16
комур керек болуп атат эле.сатып албай турайын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан