Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, II даражадагы "Манас" ордени менен машыктыруучу, гандбол боюнча олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев жана Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов сыйланды.