Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер "Даңк" ордени жана "Даңк" медалы менен сыйланышты.
"Даңк" ордени менен
Алымбаев Азамат Алымбаевич - Бишкек шаарынын №2-клиникалык төрөт үйүнүн башкы врачы;
Асаналиев Алмаз Турдакунович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
Богатырев Валентин Борисович - "Аналитический консорциум "Перспектива" жоопкерчилиги чектелген коомунун координатору;
Өмүркулов Иса Шейшенкулович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Осмонкулов Ырыскелди Каниметович - Эстрада ырчысы;
Субанбеков Бакирдин Жамалович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
"Даңк" медалы менен
Акенеев Жумакадыр Асанкулович - Көз карандысыз эксперт;
Бакетаев Бакыт Кушбекович - Саясат таануучу;
Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кадыров Бахтияр Сабиржанович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
Какчекеев Токтогул - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын кеңешчиси;
Ормонов Кубанычбек Калыевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргызжолтрансдолбоор» долборлоо жана изилдөө институтунун курулуш иштери боюнча директордун орун басары;
Усупбекова Айнура Максатбековна - Көз карандысыз эксперт, "Таза Шайлоо" ассоциациясынын мурдагы жетекчиси;
Эгизбаев Азис Ибраимович - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Шайлоо технологиялары борборунун бизнес-талдоочусу.