"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ооруканага жатты

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун ооруканага жатканын SUPER.KG порталына анын жардамчысы Улан Байышбеков билдирди.

"Бүгүн эртең менен Алмамбет Шыкмаматов өзүн жаман сезип, "Тез жардам" чакырган. Медицина кызматкерлери текшерген соң аны шаардагы №6-оорукананын кардиология бөлүмүнө алып кетишкен. Так кандай диагноз экенин билбейм, бирок жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жатат", - деди Байышбеков.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-11-20 16:49:16
Ооруканага
+1
kalpak.kg92
2017-11-20 20:51:44
Сайасий кысым ашанын кылганы...ашада бир кун ушул кунго жеттет ал убакта барбы жокпу алладан ошондо ашанын ташмайталы чыгат
+1
Makain
2017-11-20 21:25:53
kalpak.kg92,ичинер отсо да АШАны куноолуу кылбагылачы айланайындар. Озу эле олумуш болуп жата калды чондор олумуш.
-5
alina79
2017-11-20 22:16:03
Бул ... бут барынын тубуно жетмей болду. Сага да кудай бардыр бир куну коргулукту коросу го!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан