СУПЕРСТАН: "Келин эртең менен саат жетиден кийин жатпаса, эшикти катуу жаппаса, кайненесин какпаса..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз келини кандай болушу керек?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жеке эле келин менен кайындардын ортосундагы мамилени жөндөөнүн эмес, турмуштун бардык булуң-бурчтарында башка адамдар менен батышуунун эң жөнөкөй формуласы - түшүнүктүүлүк, сылыктык жана көтөрүмдүүлүк деп эсептейм".

"Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?" деген макал бар эмеспи. Кызга ата-энеси жакшы тарбия берсе, кыз келечекте мыкты келин болорунан шек жок. Менин оюмча, мыкты келин кайын журту менен жакшы, сый мамиледе болуп, кайнене, кайнатасын сыйлап, ар дайым алкышына татып, күйөөсүн ар дайым колдоп турат. Мындан артык мыкты келин болбосо керек. Анан, албетте, тамакты мыкты жасаганды билиш керек (бул дагы чон роль ойнойт)".

"Ыймандуу келин жакшы келин боло алат. Сый-урмат, түшүнүү ыймандуу кишинин колунан келет. Анан дагы "Келин жаман эмес, келген жери жаман" деген бар. Кыз бала үй-бүлөсүндө кандай тарбия көрсө, башка бүлөгө барганда да ошол көргөн-билгенин жасайт да".

"Мен жакында эле бир сонун сөз уктум: "Келин төмөнкү 4 шартты аткарса эле бактылуу үй-бүлө куруп кете алат:

1. Эртең менен саат 7ден кийин жатпаса,
2. Эшикти катуу жаппаса,
3. Кайненесин какпаса,
4. Айшанын үйүндөгүнү Жамиланын үйүнө барып айтпаса".

"Жүрөгүндө ыйманы бар, дээринде билерман, таза, тыкан болсо, жолдошу менен кайын журтунун ортосунан кара мышык өткөрбөсө, барга көппөй, жокко чөкпөй жашаган аял болсо дейм. Акемдин жубайы да ушундай мүнөздөргө ээ болсо арманым жок эле. Анткени ата-энемди ошол инсанга тапшырам да. Мен да бирөөнүн келинимин, ушундай сыпаттарга ээ болууга аракет кылам".

"Барган жери жарашса, кара келин ак болот".

"Келин кайненеси менен сырдаш болсо, баары жакшы болот. Ошондой эле кошуналары менен эч качан урушпашы керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rain000
2017-11-20 18:02:55
Беш кол тен эмес!!!! Баардык эле кайнене келин ынтымактуу эмес!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан