Казакстан парламентинин спикери Кыргыз президенти 6 жылда жыйынтык көрсөтө албаганын айтты

Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын спикери Нурлан Нигматулин президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, 20-ноябрдагы маалымат жыйынында айткан сөздөрүнө комментарий берди. Бул тууралуу коӊшу өлкөнүн интернет басылмалары жазышты.

"Нурсултан Абишевич башка бир да өлкөнүн башчысы кылбагандай дайыма Кыргыз элин колдоп жана жардамдашып келет. Кыргыз эли да Казакстандын лидерине дайыма жылуу пикирде. Ошондуктан Атамбаевдин куру, популисттик жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү биздин элдердин боордоштук мамилесине зыянын тийгизе албайт", - дейт Нигматулин.

Мажилис төрагасы Алмазбек Атамбаев 6 жылда кандай иштегенин айтат.

"Баарына белгилүү, өзүнүн президенттик мөөнөтүндө Атамбаев экономикада да, саясатта да эч бир жыйынтык чыгара алган жок", - деди спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан