Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров малдарды идентификациялоо боюнча ишти сынга алды

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери бодо малдарды идентификациялоо жаатында начар иш алып барып жатат. Мындай пикирин бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, аталган инспекциянын кызматкерлери уйлардын кулагына бирка тагып бүтө электе идентификациялоонун башында бирка тагылган уйлардан алар түшүп калган.

“Жакында эле Чүйдөгү мал базарды текшеришкенде сатылып жаткан уйлардын арасынан идентификациядан өтпөгөндөрү көп чыгыптыр. Бул багытта жеткиликтүү иш алып барылбай жатат. Силер уйлардын кулагына бирка тагып бүткөнчө эле жарымы түшүп калды. Мындай аракеттер менен долбоор өтөөсүнө чыкпайт”, - дейт Назаров.

Өз учурунда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов али бодо малды идентификациялоо толук аяктай электигин, айрым учурда белгилүү себептер менен чындап эле биркалар түшүп да калып жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйынында аталган комитеттин мүчөлөрү Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында жеке ишкерлердин мал чарба жана балык чарбалары менен жеринен таанышышты. Көчмө жыйын Военно-Антоновка айылынын маданият үйүндө аталган комитеттин отуруму менен жыйынтыкталды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-11-20 23:14:22
Жепжутаттарды эч ким сынга албайт. Эгемендүү болгонубузга канча жыл болду. Бир эмес 120 жепжутат бар. 7 областка тең болүнүп иштегенде 15тен депутат болот орточо. Калганы ооруп, сауналарга барышсын .
Бирок 20 жылдын ичинде 120 жепжутат байытып коет эле. Жок, кайра соруп жатат булар. Араң жашап жатканда элиталык жашоо тартуулап , багып эмне кереги бар ? Президент акылдуу болуп, иштей турган 30 депутатты калтырбайбы ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан