"Кыргызалтын" 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетке 459 миллион сомдон ашык акча которгон

"Кыргызалтын" ишканасы 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бюджетке 459 миллион сомдон ашык акча которду. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, которулган акчанын ичинен 84,34 миллион сому социалдык фондго, 375,17 миллион сом салык жана дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төгүлгөн.

"Ушул учурга карата “Кыргызалтын” ишканасынын өндүрүштүк-финансылык ишмердиктен алынган таза кирешеси 80,82 миллион сомду түздү. Азыркы тапта “Кыргызалтында” иштегендердин саны, бардык өндүрүштүк филиалдарды кошо эстегенде 2056 кишини түзөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан