Өзгөн районунда бодо малды идентификациялоо боюнча даярдалган 120 адисттин 108и кетип калган. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.
“Чындыгында малдарды идентификациялоо биринчи жолу жүрүп жаткандыктан бир топ көйгөй, маселелер жаралды. Атайын өткөрүлгөн программанын алкагында 24 мыкты адис тандалып алынып, алар өлкөдө 2 миңден ашуун адисти даярдашкан. Учурда алардын көбү маяналарынын жоктугуна байланыштуу бул ишти таштап башка нерселер менен алектенип кетишти. Маселен Өзгөн району боюнча 120 адис даярдалса, учурда алардын он экиси эле калды”, - деди Ашырбай Жусупов.
Андан сырткары ал малдарды идентификациялоо боюнча өзүнчө кызмат түзүү зарылдыгы жаралганын кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйыны болду. Жыйын жаныбарларды идентификациялоо жана жайыт чарбасында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышып, жаралган маселелерди чечүүнүн жолдорун издөөгө арналган.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында жеке ишкерлердин мал чарба жана балык чарбалары менен жеринен таанышышты. Жыйын Военно-Антоновка айылынын маданият үйүндө комитеттин отуруму менен жыйынтыкталды.