2020-жылы өлкөдө аары менен балыктарды идентификациялоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.
Ал азыр өлкөдөгү уйлардын 98 пайызы идентификацияланганын, учурда да улантылып жатканын айтты.
"Бирка тагуу токтобойт, анткени жаңы музоолор туулган сайын аларга да бирка тагылып турат. Негизи план боюнча быйыл өлкөдөгү уйларды идентификациялоо жыйынтыкталышы керек, 2018-жылы өлкөдөгү жылкы менен чочко идентификацияланат. Ал эми 2019-жылы кой-эчкилерди, 2020-жылы болсо аары менен балыктарды идентификациялоо жүргүзүлөт. Анда балык чарбасындагы балыктар идентификациядан өтөт, аларга бирканын ордуна денесине чиптер тагылат", - деди Ашырбай Жусупов.
Айта кетсек, бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйыны болду. Жыйын жаныбарларды идентификациялоо жана жайыт чарбасында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышып, жаралган маселелерди чечүүнүн жолдорун издөөгө арналган.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында жеке ишкерлердин мал чарба жана балык чарбалары менен жеринен таанышышты. Жыйын Военно-Антоновка айылынын маданият үйүндө комитеттин отуруму менен жыйынтыкталды.