Бүгүн, 21-ноябрда парламенттин тийиштүү комитети вице-премьер-министр кызматына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды. Анын талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков тааныштырды.
Өкмөт башчы билдиргендей, Абдыгулов экономика тармагын тейлейт.
Эске салсак, Абдыгулов учурда биринчи вице-премьер-министр болуп иштейт. 17-ноябрда премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган.