Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министр кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун анын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим премьер-министр Сапар Исаковдун Зилалиевди башка кызматка которуу боюнча сунушунун негизинде кабыл алынды.
Айта кетсек, Зилалиев вице-премьер-министр кызматында 3 ай иштеди.