Автомектеп жана автомобилисттер ассоциациясы: "Жол кырсыктарына көпчүлүк учурда тажрыйбалуу айдоочулар күнөөлүү"

Өлкөдөгү кандуу жол кырсыктарына көпчүлүк учурда тажрыйбалуу айдоочулар күнөөлүү. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Автомектеп жана автомобилисттер ассоциациясынын вице-президенти Жылдыз Мурзабекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, айдоочулук күбөлүктү алганына эки жыл боло элек айдоочулардын жол эрежесин бузган учурлары аз кездешет.

"Алар көпчүлүк учурда майда жол кырсыктарына кабылып, майда жол эрежелерин бузууга барышат. Ал эми адам өмүрүн алган чоң жол кырсыктарына көбүнчө тажрыйбалуу, жадакалса 20 жылдык айдоочулук тажрыйбасы барлар күнөөлүү болууда. Демек, азыркы айдоочуларды толук окутулбай жатат деген доомат чындыкка дал келбейт", - дейт Жылдыз Мурзабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Akyl78.1501
2017-11-21 12:03:53
Ойлонуп суйлосо болбок эжекебиз кантип 30 стажы бар адам нарушение кылсын ДТП га силер куноолусунор и ГАИ лер праваны сатасынар мен жакынкы 10 жылдын ичинде автошколага окудум оз кучум м.н эгзамен тапшырып права алдым деген адамды короэлекмин. Элдер даже Россияда туруп озу права заказ берип жатышат. Кыргызстан кайда баратат билбедим келечегибиз барлыгына козум жетпей калды
+1
maks94.kb
2017-11-21 12:12:14
Баары бир алладан
Тажырыйбасы бары деле жогу деле мандайында болсо корот кобунчо биздин шумахер эрежени сыйлабаган мыйзамды уруп ойнобогон стаждуу айдоочулар бузушат 70%%
+5
tram-lam
2017-11-21 12:23:53
Тажрыйбасы барлар куноолуу деген создун чындыгы бар. Озуно ишенип алышып он келди айдашат, мас болуп рулга отурушат, катуу ылдамдыкта айдашат. Жаны алгандар коркуп анчалык чон эреже бузууга барышпайт.
+5
Isco23
2017-11-21 12:32:49
tram-lam,ооба чын эле жаны уйрончуктор жолдо секин айдап кетип жатса суйлонушуп встречныйда машина келатканына карабай чыгышат. А башкасы белгилуу
0
ekaterinburg
2017-11-21 17:17:32
Койгулачы...Праваны сатып алдывы,демек он жыл тажрыйбасы болсо деле окубаган болуп эсептеле берет жана эрежени буза берет!Эгер праваны окуп алса(ошондо да таза окуп),анда жарым жыл тажрыйба менен эч кандай эрежени бузбай журот!
0
Taalaibek.
2017-11-21 18:50:57
Сатып алганы озунчо, тажрыйбасы бар болуп ичип алганы ал озунчо, а тажрыйбасы бар болгону дагы ал озунчо болуко болунот. Тажрыйбасы бар болуп ичип алганы бул сатып алган ойдоочудан да жаман. Эн башкысы сатып албай тажрыйбалу болгон баарынан ойдо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан