Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министрлик кызматына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги каралды.
Анда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Абдыгуловдон: "Бир тепкич төмөн кызматка барганга даярсызбы?" - деп сурады.
Абдыгулов каршы эместигин билдирди.
Парламент комитети Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды. Эске салсак, ал биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп келген.