Айдоочуларды даярдоо борборунун жетекчиси: "Кырсыктардын көп катталып жатышына унаа жолдордогу көзөмөлдүн жетишсиздиги себеп болууда"

Кырсыктардын көп катталып жатышына унаа жолдордогу көзөмөлдүн жетишсиздиги себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз-Орус Славян университетинин айдоочуларды даярдоо борборунун жетекчиси Дмитрий Глазунов маалымат жыйынында билдирди.

"Учурдагы жол кырсыктарынын ар түрдүү себептери бар, алардын негизгилери жоопкерчиликсиздик жана унаа жолдордогу көзөмөлдүн жетишсиздиги болууда. Менин оюмча, жолдо коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн Патрулдук милициянын кызматкерлери да аз болуп жетишпей жатышат. Буга далил катары чет өлкөлөргө чыккан биздин айдоочулар, бизден окуп кеткендер сонун эле унааларын айдап жүрүшөт го эч кандай жол эрежелерин бузбай, чоң жол кырсыктарына кабылбай эле", - деди Глазунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kokboru
2017-11-21 15:54:00
Гаи кызматкерлери жетишсиз десе чындыкка жакындабайт.Жол эрежелери сакталбайт,жолдор талапка жооп бербейт,эч жерде знактар жок,болсо да өтө аз,жолдогу паласалар бир да чийилген эмес.Мен чет жерде айдоочумун.Кудайга шүгүр.Себеби бул жакта жолдордо баары түшүнүктүү,баары көргөзүп турат...силер муну түшүнбөйсүңөр.Түшүнсөңөр да ал нерсеги жасабайсыңар
+1
aralbek
2017-11-21 21:43:13
kokboru,эн туура айтасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан