Учурунда жарандарды окутпай эле айдоочулук күбөлүктөрдү беришип, анын кесепетинен учурда жол кырсыктары көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда "Профи-Класс" автомектебинин директору Рысбек Шарипов маалымат жыйынында билдирди.
"Мындан 20 жыл мурун "жаран өзүн өзү даярдап айдоочулук күбөлүктү ала алат" деген систем бар болчу. Анда айдоочулук күбөлүктү алгысы келген адам "мен үйдөн даярданып келдим" деп атайын окууну окубай туруп эле айдоочулук күбөлүккө ээ болчу. Учурда дал ошол системдин кесепетинен жол кырсыктары көп катталып, кандуу окуялар орун алып жатат. Учурунда ошондой жол менен айдоочулук күбөлүккө ээ болгон тажрыйбалуу айдоочулар жол кырсыгына көп кабылып жатышат", - деди Рысбек Шарипов.
Андан сырткары ал окубай туруп айдоочулук күбөлүк алгандардын арасында аял айдоочулар көп экенин кошумчалады.