Депутат Аида Салянова укук коргоо органынын жетекчилери “Ата Мекен” фракциясынын жыйынына келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда аталган фракцияда инисинин өлүмү боюнча маселе каралып жатканда билдирди.
"Жыйынга укук коргоо органынын жетекчилери келсин деген талап болгон. Менин суроолорум жетекчилерге болчу. Эми жоопкерчиликти алып келгенден кийин силерге берейин. Мен укук коргоо органы кылмышкерлерди таба турганына күмөнмүн. Уландын баласынын көрсөтмөсү боюнча жыйынтык чыгарып жатасыңар. Ал акча сурады деп көрсөтмө бериптир. Ошон үчүн саясатка тиешеси жок деп айттыңар. Уландын жубайы көрсөтмөсүндө залда мушташкан үндөр угулганын айтыптыр. Кылмышкерлер акча сураган деп маалымат каражаттарына билдириптирсиңер. Эки көрсөтмөнү эмнеге карабайсыңар?" - деп Салянова укук коргоо органынын өкүлдөрүнө кайрылды.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Сүйүнбек Аблатов маалымат каражаттарына бир көрсөтмөнүн негизинде эле маалымат берилип кеткенин айтты.
Эске сала кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.