Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти: "Учурда коррупциялык жол менен айдоочулук күбөлүктөр берилбейт"

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык иш-аракеттер жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башкы адиси Адылбек Рыскелдиев билдирди.

"Бизде эки жылдан бери коррупцияга каршы күрөш катуу жүргүзүлүүдө. Коргоо Кеңеши тарабынан да департаменттеги коррупцияны жоюу боюнча атайын план иштелип чыгып, анын учурда 75 пайызы ишке ашып калды. Учурда айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алуу мүмкүн эмес, айдоочулук күбөлүктөр мыйзам чегинде гана берилет", - деди Адылбек Рыскелдиев.

Андан сырткары ал учурда департаментте автоматташкан маалыматтык системалар орнотулганын, айдоочулук күбөлүктү теориялык жана практикалык түрдө жакшы өздөштүргөн адамдар гана ала турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
newman
2017-11-21 14:46:52
Ха ха ха. Мен азыр Москвада туруп сатып алам керек болсо!!!
+7
General.kg
2017-11-21 14:55:26
Аа байкуш эчнерседен кабары жокго мунун! Эл эмне болуп жатат бул эмне болуп жатат..
+9
Aisle
2017-11-21 14:57:03
Права алдым жакында,тестке киргизгенде баарыбызга озу корсотуп бердии гоо ошол жерде турган!агай менен суйлошуп коюшкан экен пара берип ,коррупция эмес болсо анда эмне?
+6
Bek_abad
2017-11-21 14:58:16
Сатып алса болбойбу ошондо? Мени бир кошнам планшетке алмаштырган))) 10 000сом берсен 2 кундо берип койот... эгер чындап окуп эгзамен менен десенер биздеги гаилер оздоруда билишпейт... жакшылап тартышып койсон созун таппай калат
+4
kechirmeni
2017-11-21 15:02:12
Жаш баланын созун суйлогон кандай лапшагон неме, керек болсо 6 секундда алсан болот азыр
+4
janat.kg
2017-11-21 15:10:06
Автошколлада 2 ай окуп тестден эч ким откон эмес. Бардыго 3000сомдон чогултуп беришет экен. Анан саат 3.4то колуна права берет. Бул деген карупцияда.
+2
Azat.97
2017-11-21 15:42:28
Деп койдунар анан
+2
kokboru
2017-11-21 15:46:54
Менин правамын срогу жок,москвадамын, кантип алмаштырсам болот? Мага окшогондор чет жакта толтура гаиге түшүп штраф төлөгөндөр срогу жоктугуна байланыштуу.Урматту супер инфо ушул жөнундө бирөө жооп керчилигин алабы мойнуна? Эмне үчүн срогу жок таркатышкан ошол жылдары? Суроомду жеткизип коюшуңүздарды өтүнөм.Кантип эми биз праваны алмаштырып алабыз?
0
admin_superstan
2017-11-21 15:56:09
kokboru, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынат.
0
Kroxa
2017-11-21 21:41:46
kokboru,кордунбу? Сатып аласынбы окуп аласынбы адам айдагандан,,россияда кандай катаал 50 мин 60 мин алмаштырыш эле,анткени мен кыйын деген кыргыз гаиси россиядан алаалбайт,,бизде сурогу жок берген баары бир да..а сурогун койдурбасан орусия штраф салат..
0
Shadykanov
2017-11-21 15:50:57
Азыр мыйзам кучуно кирген права алалбай койгом мен азыр окуп атам буюрса жакында мыйзамдуу турдо алам
0
Isco23
2017-11-21 16:19:18
Еу коммент жазгандар уялсанар. Ошо параны озунор бертасынарьы же ощдору сурап жатабы? Эртен кучотулгон тартип киргизсе ала албай каласынар. Акча берип алып алып комент жазганынар не.
0
kasapchi
2017-11-21 16:46:34
Азыр КРнын мыйзамы кучтуу иштеп атат, параны эч кимиси албайт, жакында эле тууганым тапшырды, ото албай калып, сыноодон кулады. Эми кийинки экзаменге ото кучтуу окуп даярданып келмей болду! Буюрса ийгиликтуу тапшырса, оз акылы-билими менен права алат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан