Ички иштер министрлиги депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун үй-бүлөсүнүн коопсуздугун сактап берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ИИМдин өкүлү Сүйүнбек Аблатов билдирди.
Аблатов билдиргендей, мыйзам боюнча коопсуздукту сактоо боюнча документтер топтолушу керек. “Ата Мекен” фракциясы тарабынан Аида Салянованын коопсуздугун сактоо боюнча кат келген. Аида Салянова же анын иниси тарабынан расмий документтер берилген эмес”, - деди Аблатов.
Ал билдиргендей, документтер берилсе эле ИИМ коопсуздукту сактап берүүгө даяр.
Эске сала кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.