SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар сүйүүсүн биринчи болуп билдиришине кандай карайсыңар?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Акыркы кездерде кыздар биринчи болуп сүйүүсүн айтып, ал тургай ачык эле "алсаң тием, качан аласың, үйлөнүп алалы" дегендерди көп угуп жатам. Бул мага туура эместей сезилет, силер кандай карайсыңар" - деп суроо салган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыз кылыгы менен" деген макал бар го. Өзүнүн намысын жыйыштырып, жигитке биринчи "сүйөм" деп айткан туура эмес. Жеңил ойлуу, ушуга окшоп өзү жабышкан кыздар бат алданат. Чыныгы сүйүү никеден кийин деп эсептейм. А эгер ушунчалык сүйүүсү ашып-ташып баратса, жакшы мамиле менен билдирсин, "сени сүйөм" деп айтпастан. Биздин менталитетке туура келбейт деп эсептейм".
"Кыздар ошентсе көңүлүн калып калат экен".
"Созулуп, уялып айтпай жүргөн мырзаларга караганда тарс-тарс айткан кыздарды колдойм".
"Түз эле көз караштамын. Сүйүп калса айтсын, ичинде арман кылып жүрө бербей. Сүйүүдө кыз менен жигиттин укугу бирдей эле".
"Бетине айтпаса да "намёк" кылса болот. Азыркы заманда унчукпай жүргөн адам көп нерседен куру калат. Ошол эле убакта кыз бала чектен чыкпашы керек".
"Кыз үчүн сүйүүдөн дагы намыс күчтүү болуш керек го, акылы тетик жан болсо. Кантип уялбай барып "мен сени сүйөм" дейт? Жашоо жалаң эле сүйүүдөн куралбайт, казан-аяк кагышат, өйдө-төмөн жагдайлар болот. Ошондо көрөм, тартынбай сүйүүсүн билдирген кыздын сүйүүсү чекесине шам, чырак болуп жагыларын. Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы. Биздин менталитет менен кыз сүйүүсүн арнап жыргап кетпейт эч качан".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.