8 айлык боюнда бар актрисаны өлтүргөн сериялуу киши өлтүргүч Чарльз Мэнсон көз жумду

XX кылымдын эң белгилүү кылмышкерлеринин бири, сериялуу киши өлтүргүч Чарльз Мэнсон каза болгондугун чет өлкөлүк маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматтарга таянсак, 83 жашка чыккан кылмышкер 19-ноябрь күнү АКШнын Калифорния штатындагы түрмөлөрдүн биринде каза болгон. Ал өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан.

Чарльз Мэнсон 1960-жылдары “Үй-бүлө” деп аталган уюшкан кылмыштуу топту түптөгөн. Мэнсондун айтымында, бул топко турмуштун запкысын чегип, коомчулуктун көңүлүнөн сырт калган адамдар өздөрү келип кошулуп турушкан. Топтун мүчөлөрү бири-бирин “бир тууган” атап, бардыгы Мэнсондун “балдары” болушкан жана ал эмне буйрук кылса ошону аткарышкан. Алар Лос-Анжелес шаарына жакын жайгашкан кыштактардын бириндеги үйгө чогулушуп каалаганын кылышкан. Мисалы, ырдашкан, баңгизаттарын колдонушкан жана жаныбарларды кескилеп алып кандарын ичишкен.

Топтун мүчөлөрү бир катар массалык киши өлтүрүүлөрдү уюштурган. Алардын эң чуулгандуу кылмышы 1969-жылдын 9-августунда болгон. Ал күнү кинорежиccёр Роман Поланскинин жубайы, 8 айлык боюнда бар 26 жаштагы актриса Шэрон Тейт жана анын 3 досу Мэнсондун кылмыштуу тобу тарабынан мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн. Алардан тышкары ошол маалда көчөдөн өтүп бараткан 1 кишини да тапанча менен атып салышкан.

1969-жылы Калифорния штатында Мэнсон жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү полиция тарабынан колго түшүрүлгөн. Соттук отурумдар көпкө созулуп, ал ортодо өкмөт тарабынан дайындалган Мэнсондун адвокаты дайынсыз жоголуп, 5 айдан соң жансыз денеси табылган. Аны эркиндиктеги “Үй-бүлө” мүчөлөрү өлтүргөндүгү тууралуу божомолдор айтылып жүрөт. Көпкө созулган сот иштеринен соң кылмыштуу топтун 7 мүчөсү өлүм жазасына тартылган. Бирок 1972-жылы АКШнын Жогорку Соту өлүм жазасын жокко чыгаргандыгына байланыштуу Чарльз Мэнсон жана анын “балдарына” чыккан соттун өкүмү өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган.

Чарльз Мэнсон калган өмүрүн темир тор артында өткөрүп, бул аралыкта өзүнүн өмүр-таржымалы тууралуу “Сиз мен үчүн өлөсүзбү?” аттуу китеп жазган. Ошондой эле ал 13 ирет жаза мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгарууну суранып кат жазып, бардыгында тең суранычы орундалган эмес.

Кошумчалай кетсек, америкалык рок-ырчысы Мэрилин Мэнсон сахнадагы каймана атын так ушул Чарльз Мэнсондун фамилиясы менен белгилүү актриса жана ырчы Мэрилин Монронун атынан “кураган”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gute
2017-11-21 17:47:10
Америкада закон иштейтда омур бою эркинен ажыратыптыр. Аа бизде Киши олтургон Кримтоболдорду 2-3 жылдан кийин эле чыгарып жиберишип жатпа. Салянованын инисин олтургонду деле таппай жатышат.
+9
ekaterinburg
2017-11-21 18:29:20
И так эле жаман корчумун,ушундан тартып Мерлин Менсонду мындан да жаман коруп калдым.
+2
guju9389
2017-11-22 01:36:35
тооба тусун кап
0
guju9389
2017-11-22 01:37:04
кана менин коментарийм
0
admin_superstan
2017-11-22 11:37:43
raykray, jbolotov, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан