Өкмөт жооп берет: Айдоочулук күбөлүгүмдө жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөндүктөн Орусияда айып пул төлөп жатам. Айдоочулук күбөлүгүмдү кантип алмаштырам?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Окурманыбыздын “Соңку кабар” бөлүмүнө калтырган суроосу: “Менин айдоочулук күбөлүгүмдө жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Азыркы тапта Москва шаарындамын. Айдоочулук күбөлүгүмдү кантип алмаштырсам болот? Мага окшоп жол коопсуздук кызматкерлерине түшүп, айдоочулук күбөлүгүндө жарактуу мөөнөтү жок болгондугуна байланыштуу айып төлөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө толтура. Бул маселе боюнча бирөө-жарым жоопкерчилик алабы? Эмне үчүн мурда айдоочулук күбөлүктү жарактуу мөөнөтүн жазбай таратышкан? Суроомду тиешелүү кызматтагыларга жеткирип коюшуңуздарды өтүнөм. Кантип эми биз айдоочулук күбөлүгүбүздү алмаштырабыз?”

Жооп: “Мурда жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөр берилгендиги чындык. Бирок ал айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү жазылбаганы менен мыйзам боюнча 10 жылга жарактуу экендиги баарына маалым болчу. Былтыркы жылдан баштап эл аралык нормаларга жооп берсин деп айдоочулук күбөлүктөргө жарактуу мөөнөтү жазыла баштады. Орусияда иштеп жатышкан көптөгөн мекендештерибиз келип айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырып кетишти. Жогорудагы суроо узаткан мекендешибиз да келип, айдоочулук күбөлүгүн алмаштырып кетсе болот. Ал эми айдоочулук күбөлүктө жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу айып салуу туура эмес, болушу мүмкүн да эмес.Себеби бул маселе 2 өлкөнүн өкмөтү тарабынан чечилген. Балким, башка эреже бузуулар боюнча айып салынышы мүмкүн же ошол чет өлкөлүк жол коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануусу деп эсептесек болот”.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаментинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Адылбек Рыскелдиев жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Isco23
2017-11-21 19:06:48
Куболук алмаш десен алмашат())
+2
Suzak12
2017-11-21 19:10:33
Кыргызстанга барбай бул жактан алмаштырса болбойбу элчиликтен?
0
shergazy9
2017-11-21 19:17:53
Куболуко кошуп бир айлыгынды салып ийсе...бир тууганын барып корупсионерлердин чокусуна 20000 чапса 15 мин алмаштырып берет...саткычтардын бары биздего не ойлонобуз
+8
Erlaha
2017-11-21 19:33:57
shergazy9,ошону айтсан ошол дагы проблемабы Кыргызстанда! Акча болсо танкасын
+7
karakulja
2017-11-21 21:23:37
Erlaha,Оштогу ОблГАИге келсен мойлочон бир ачка отурган мойлочон лысый турк бар.Суймонкул Чокморовдон бирди коргозсон праван уже колунда
+1
Jumahmatov
2017-11-21 20:54:55
Урматту супер инфо праваны окуп туруп алсан канча толойсун? окубай туруп эгзаменден отуп толоноор акчасын толоп алса болобу? Жооп алып берип койунуздарчы сураныч мен мисалы првиланын баарыны билем 15 жашымдан бери машине айдап журом азыр азыр 23 ко чыктым мындайча айтканда сегиз жылдык стажым бар баосан эле ортомчулар 14-15 мин деп айтышат 15 минге права алгын келбей без права журууго туура келет
0
admin_superstan
2017-11-22 09:06:03
Jumahmatov, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
bond
2017-11-21 21:09:11
Кече куну фрунзенскаяда менин инимдин машинесин штраф стоянкага алып коюптур праванда срок жазылбаптыр деп бир жонокой праваны жакшы чыгаралбайсынар тоок мээлер эми барып алмаштырганы да акча кетип жатпайбы силер манкуртарды эмне деп айтышты да билбейсин.
+4
shankol88
2017-11-21 21:39:50
bond,Туппа туура же бүржөлү срогун кошо жазып бербейби...кайра келсе даагы жейбиз дегендей еле болуп турат даа биягы...
+3
kokboru
2017-11-21 23:10:10
Рахмат супер инфо,көйгөйдү дарегинк жетиптир.
Бирок ал ал жакта беймарал олтуруп плвп,келип алмаштырып кетсе болот дегенин.ал жакка барвп алмаштырып келиш үчүн,кеминде 50000 р расход кетет.
Аларга 50000 р оңой табылса биз мтгранөтар үчун өтө кыйын табвш.
БУЛ ЖАКТА элчиликтен алмаштыра турган кылып берсе болотго????
+2
kokboru
2017-11-21 23:24:41
Айтмакча Адылбек Рыскулов,сиз айтыптырсыз кээбир россиялык өзүнүн чөнтөгү үчүн айып салат деп.Билип алыңыз,булар силерге окшоп,чөнтөгүнө ишөебейт,кагаз жазып берет,аны барып банкка төлөйсүн.Төлөбөсөң,кийинки келишибизге эле минус болот.Чек арада,штрафың бар экен,департсын деп коет болду.айла жок анан сразу эле банкка төлөп койгон биз үчүн оң,силер азаматтардын шалаакылыгынан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан