Бүгүн, 21-ноябрда парламент комитетинде коопсуздук кеңешинин курамына президенттик аппараттын жетекчисин, Башкы прокурорду киргизүү сунушталды.
Мыйзам долбоорунун негиздемеси менен демилгечи депутаттардын бири КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов тааныштырды. “Президенттик аппараттын жетекчиси коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарат. Ал эми Башкы прокурор кеңештин чечимдеринин туура аткарылып жаткандыгына көңүл бурат. Андыктан аларды коопсуздук кеңешинин курамына киргизүү сунушталууда”, - дейт Өмүркулов. Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Коопсуздук кеңеш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды.