Бүгүн, 21-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы өз сөзүндө милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктады. Ал декабрь айында Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 200 батирлүү үйлөрдүн курулушу аяктай турганын кошумчалады. “Мындай иштер өкмөт жана кийинки президент тарабынан улантылат. Анткени күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. 2010-жылдагы трагедия учурунда армия менен милициянын жоктугунун кесепетин көргөнбүз”, - деди президент.
Мамлекет башчы акыркы алты жылда Кыргыз өлкөсү өнүгүүдөгү өз жолун тапкандыгын белгиледи. “ Алты жыл мурда мамлекет талкаланып жок болот дешкен. Андай болгон жок. Азыр өлкө чыңдалып, күн санап гүлдөп баратат. Биз бул жолдон тайбашыбыз керек”, - дейт Атамбаев.