Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңеш тармактык комитетинде жоокерлер кызматын өтөгөндөн кийин билим алуудагы кыйынчылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунда кызматын өтөгөн жоокерлер үчүн жалпы республикалык тесттин жыйынтыгынын мөөнөтү 3 жылга чейин жарактуу болушу шартталат.
Демилгечилердин бири КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору 1-окууда каралгандан кийин депутаттар Каныбек Иманалиев менен Улан Примовдон аскерде кызмат кылган балдар үчүн тесттин жыйынтыгынын мөөнөтүн 3 жылга чейин жарактуу кылып көбөйтүү сунуштары келип түшкөндүгүн маалымдады. Нурбаевдин айтымында, буга чейин мыйзам долбоорунда 2 жылга жарактуу деп жазылган. “Мыйзам долбоору менен жогорку окуу жайга өтүүдө жалпы республикалык тесттин жыйынтыгында окшош балл болуп калган учурларда артыкчылык аскерде кызмат өтөп келгендерге берилет”, - деди Нурбаев.