Американын белгилүү актриса жана ырчысы Делла Риз 87 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актриса Калифорниядагы өз үйүндө каза болгон.
"Ал абдан боорукер аял, эне жана чоң апа эле. Өз ишмердүүлүгүнүн алкагында миллиондогон элге эргүү тартуулап, маанайларын көтөрчү. Ажалы жетип, өз үйүбүздөн жан берди", - дешкен анын жакындары.
Делла Риз 1950-жылдар аралыгында болуп көрбөгөндөй популярдуу болгон. Ал жаз жана поп жанрында ырдап, "Прикосновение ангела" сериалы жана Эдди Мёрфи менен тартылган "Ночи Гарлема" фильми аркылуу таанымал.