4 ай мурун үйүнөн чыгып кетип ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Сыймык Каламбеков дале табыла элек. Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, Сыймык Москва районунун Ак-Суу айылындагы үйүнөн ушул жылдын 6-июлунда чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Изделип жаткан жарандын белгилери: бою болжол менен 150-155 сантиметр, арык дене түзүлүштө. Чачы, көзү кара. Ошол күнү үйдөн кара түстөгү футболка, кара түстөгү чолок шым кийип чыгып кеткен.
Эгерде анын кайда жүргөнүн билгендер болсо, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (550) 22-17-17, 0 (701) 15-85-81, 0 (701) 15-85-43 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар болот.