Аида Салянованын инисинин өлүмү Жогорку Кеңеште талкууланат

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко депутат Аида Салянованын киши колдуу болгон иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады.

"Буга чейин да Салянованын инисинин өлүмү тууралуу айтканбыз. Буга чейин биз бул маселеге арналган фракция жыйынын өткөрдүк. Фракция жыйынына укук коргоо тармагынан жооп бере ала турган жетекчилик келген жок. Катардагы кызматкерлер келип, бизге эч кандай маалымат бере алган жок. Ошондуктан бүгүн ИИМ менен УКМК Жогорку Кеңешке келип, маалымат беришин күн тартибине киргизип берүүңүздү суранабыз. Анткени бул чуулгандуу окуя абдан узакка созулуп баратат", - деди Никитенко.

Төрага Дастан Жумабеков бул багытта Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлү менен кеңешип, укук коргоо органдарынан маалымат алып, андан соң күн тартибине киргизе турганын айтты.

Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан