Парламентте буудайды импорттоодо салык киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 22-ноябрда парламентте буудайды импорттоого кошумча нарк салыгын киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эгин менен унга байланыштуу бюджет тартыштыгын кыскартуу максатында иштелип чыккан. Анда буудайды импорттоо боюнча кошумча нарк салыгынын коюмун 12 пайыз өлчөмүндө белгилөө демилгеси сунушталууда.

Эске салсак, 16-ноябрда Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоор 2-окууда жактырылган. Анда добуш берүүгө катталган 85 депутаттын 83ү мыйзам долбооруна "макул", экөө "каршы" деп добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан