Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуу сунушталган. Депутаттар бул сунушту колдоого алганы менен төрага аны күн тартибине киргизүүгө жол берген жок. Төрага Дастан Жумабеков бул маселе комитет аркылуу жыйынга чыгышы керектигин айтты.
"Бул маселе жыйынга комитет аркылуу чыгышы керек. Азыр мен укук коргоо органдарынан маалымат алдым. Тергөө жүрүп жатыптыр. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул маалыматтар айтылбайт", - деди Жумабеков.
Депутат Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") төрагага жооп кылып, укук коргоо органдары тергөөнүн купуялуулугун эчак бузганын айтты. "Буга чейин эле укук коргоо органдары ушул жерден тергөөнүн купуялуулугун бузушкан. Далай тергөө иштери тууралуу маалыматтарды ушул жерден айтышкан. Ошондуктан бул маселени мен колдойм. Жогорку Кеңеште маалыматты угуп койсок эч нерсе болбойт", - деди Масалиев.
Эркин депутат Жанар Акаев жыйындар залына келген ички иштер министринин орун басарынан бул маселеде жооп алууну сунуштады. Бирок төрага Жумабеков ИИМдин орун басары башка маселе боюнча келгенин айтып, депутаттын сунушун колдогон жок.
Депутат Каныбек Иманалиев ("Ата Мекен") бул маселе адамдын тагдырына байланыштуу экенин айтып, төраганы көңүл бурууга чакырды. "Бул жерде адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатат. Күн тартибине киргизип, убактысын белгилеп койсоңуз. Өкмөттү карап жалтактай бербей, төрага катары саясий эркиңизди көрсөтүңүз", - деди Иманалиев.
Төрага Дастан Жумабеков депутаттарды бул маселе карала турганына ишендирип, шашпоого чакырды.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.