Транспорт министри бир айда өлкө ичиндеги авиакаттамдардын билети арзандай турганын айтты

КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев өлкө ичиндеги авиакаттамдардын билетинин баасы кымбат болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бир ай мурун парламентте авиакаттамдардын билетинин баасы тууралуу карадык эле. Ош-Бишкек авиакаттамынын билетинин баасы 5 миң сомго чыгып жатат. 5 миң сом жөнөкөй калк үчүн кымбат болот. Биз Ош облусуна барганда эл ушул маселени көтөрүп жатат. Эки жыл мурун 1 500 сом менен учуп жүргөнбүз. Эмне үчүн баа 3 эсеге көтөрүлүп кетти? Өкмөттүн токтому чыксын деп күтүп отура беребизби? Бааны арзандатуу боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин сунушу барбы?" - деди Нурбаев.

Транспорт жана жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, министрлик авиакомпаниялар менен сүйлөшүү жүргүзгөн. "Бир нече жолу авиакомпаниялар менен сүйлөштүк. Бирок алар "макул" деп кайра эле билеттин баасын кымбаттатып жатат. Ошондуктан баа 4 500 сомдон жогору чыкпасын деген сунуш менен мыйзам долбоор даярдаганбыз. Юстиция министрлиги тез арада ошол мыйзам долбоорду карап берсе, бааны көзөмөлгө алабыз. Бир айдын ичинде бул маселе чечилет", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Romantik.
2017-11-22 11:02:50
4500 дагы кымбат карапайым элге. 1500-2500 кылсанар туура
+8
Muratmipa
2017-11-22 11:05:59
Мен кызым ооруп срочно учуш керек болгондо аялым экообузго 6000минден 12000 сомго алганбыз
+1
aerforce
2017-11-22 11:18:47
5000 кымбат 4990 сомго тушуробуз дегендей кылыптырго 1000 сом 1500 сом болсо деле болотко бир эле Ошко эмес Жалалабад Аксыгада каттамды кайра кылсанар баасын 1500 2000ден ашырбай
+7
Aznazalai
2017-11-22 11:24:18
1200 1500сом калктын чонтогуно туура келмек
+1
Medinaa
2017-11-22 11:25:07
Бир ай мурун алып койсо гана 1200-1500болот го.А эртең учам десең 4000миңден ашык болуп кетет.
+1
Isco23
2017-11-22 11:25:11
Олуп кетсин 2000ден ашырбасанар деле чооон соооп иш болот эле
+1
romaantik
2017-11-22 11:25:48
Эң кымбат болгондо 2000 болсо болот.
+2
Bars88
2017-11-22 11:54:56
4500 го кээде Москвага учасынго.Бул жерде турган Ошко 1000-1200 жакшы эле
+4
Snejana
2017-11-22 11:57:02
2000 сом болсо, Ошко барып келмекмин.
+3
kenjebek_a
2017-11-22 14:57:11
Бир кундо ОШ, Жалалабат, Баткен Бишкек жолунда ары бери каттаган таксилердин саны кечинде 200машина.Бул бери жагы.Ортосун алганда Ошко чейин 1300,1400сом. Самалетту 2000сом кылса болот,эн кымбат билетти.Адам омуруно да олкого да пайда.4500деп баалаган министр эмне 500сом эле арзандатканга алы жеттиби.Минтрансты укпаса анда авиакомпаниялар элди угабы.Озун Степке олтургузуп Лейлекке жонотуш керек геморойу чубалат.Элди ойлобойт бул айдама окмот.Созу отпосо берсин иштеген кишиге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан