Орусиядан бериле турган 127 миллион долларга лаборатория курулат

Жогорку Кеӊеште Кыргыз өкмөтү менен Орус өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБ алкагында Кыргыз өлкөсүнө техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Талкуу жүрүшүндө депутат Жанар Акаев Орусия тараптан бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышына кызыкты.

Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановдун айтымында, 127 миллион доллар лаборатория курууга жумшалып жатат. "Мындан тышкары 14 миллион долларга керектүү жабдуулар алынды, 36 миллион куруу жана долбоордук иштерге жумшалмакчы. Учурда грант берүүчү компания менен сүйлөшүүлөр макулдашуулар жүргүзүлүүдө", - деди Сулайманов.

Депутаттар кыргыз тараптын ЕАЭБ курамына кирүүдөгү жеӊилдетилген мөөнөттү эмне үчүн дагы 2 жылга узартпай калганына кызыгышты. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков ушул протокол аркылуу жеӊилдетилген мөөнөт 2018-жылга чейин узартылып жатканын билдирди. Бул мыйзам долбоору ратификацияланса, келишим мөөнөтү узартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nur...nur.
2017-11-22 11:48:48
Ушул акчага лабаротория кургула эми жеп салмай жок
+2
edik-kg
2017-11-22 12:37:23
Уятынар жок экенда россия карызга берет акча анан кайра эле кечип жиберет бере албашыбызды билип ал акчагада курса кана ошонуда жеп салып жарымын анан кайра сурайт жетпей калды акчанар деп
0
jbolotov
2017-11-22 13:05:45
Эмнене эле Россия Кыргызстанды союзуна киргизе албай атат? Биринчи даражаданы орденди болсо Путинге берди. Путин оз мамлекетинин кызыкчылыгына иштеп атканы белгилуу.
+1
pixduel1
2017-11-23 03:02:49
Орусия озун озу камсыз кыла албай,карызга трилиондоп батып жатса,бизге кайдагы акчаны берет экен?! Бул жерде бир нерсе бар! Союз болдук адамдар кочодо ээн эркин журо албайтко(документ таза болсо да) менттер акча алат! Зп 30мин, 6мин регистрация,кварплат 5мин +продукта бир айга! Еще кийим кече (что остается?!) россия бизди союздан чыгып америкага кошулат деп коркуп жатат! Кичине олко болсок да алар учун чон роль ойнойбуз!Казактар нагло Америка,кытайга ооп баштадыго)) Биздикилер журот жеп жутуп...
0
pixduel1
2017-11-23 03:03:44
pixduel1,тушунгон тушунду кароче) ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан