Бүгүн, 22-ноябрда таң эрте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын милиция кызматкерлери тегерете курчоого алды. Маалыматтар боюнча имаратка бүгүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев келе тургандыгы пландалгандыктан кайтарууга алынган. Анда УКМК жетекчилиги менен президент жолугуп, сүйлөшүүлөр жүрөрү айтылууда.
Аталган мекемеден азырынча билдирүү таратыла элек. Белгилей кетсек, "Соңку кабардын" "Элдик кабар" рубрикасына окурмандардан "Эмне үчүн УКМКнын имараты курчоого алынып жатат? Тынччылыкпы?" деген билдирүү жана сүрөттөр келип жаткан.