Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар ички аба каттамдарды колго алуунун зарылдыгын айтышты. Эл өкүлдөрү облустардагы токтоп калган каттамдарды кайра жандандырууга инвесторлорду тартууну сунуштады. Депутат Таалайбек Масабиров алгач облустардын борборундагы аэропортторду жакшыртуу зарылдыгын айтты.
"Жалал-Абадда миллиондон ашуун калк жашайт. Ошондуктан алгач облус борборундагы каттамдарды жолго коюп, андан соң райондорго көңүл бурсаңыздар. Жалал-Абадда каттам күндүзү гана учат аны түнкү каттамдарга да ылайык келтирүү зарыл", - деди Масабиров.
Ал эми Аэропортторду өнүктүрүү дирекциясынын башчысы Абдумалик Бусурманкулов ички аэропортторго инвесторлор көңүл бурбай жатканын айтты.
"Кытайдан Түркиядан келген инвесторлор "Манас", "Ош" эл аралык кирешелүү компанияларга кызыгып жатат. Алар "Манас", "Ош" аэропортторун башкаргысы келип жатат. Жергиликтүү аэропортторго биз алып барып жатабыз. Алар ойлонуп көрөлү деп эле ошол бойдон жок болуп кетишүүдө", - деди Бусурманкулов.