Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөнүнө 93 жыл толду. 1924-жылы 22-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда алгачкы жолу 15 адамдан турган улуттук прокуратура түзүлгөн. Ал Юстициянын элдик комиссариатынын системине, ал эми облустун прокурорунун кызматы Облустук аткаруу комитетинин түзүмүнө кирген. Өлкөдө 22-ноябрь Прокуратура кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.
1924-жылы 29-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы прокурору болуп Михаил Безносиков дайындалган. Андан тышкары 1927-жылга чейин Алексей Дорогов жана Ян Вельт облустун прокурорлору болуп иштешкен.
22-ноябрга карата жылнаама.